Бул суроого жооп сиз колдонгон жыныстык катнаштын түрүнө жараша болот. Дарыгер ВИЧ тестин өткөрөт, сифилисти текшерүү үчүн кан анализин алат жана жыныстык органдардын ЖЖБИ бардыгын текшерүү үчүн болсо сийдик анализин алат. Эгерде сиз оралдык секс кылсаңыз, дарыгердин сиздин оозуңуздан үлгү алгандыгын, ал эми аналдык жыныстык катнашта болсоңуз аналдык тешикчеден да үлгү алгандыгын текшериңиз.
Өзгөчө ВИЧ-оорулуу адамдарга гепатит Б жана гепатит С ооруларына текшерүүдөн жок дегенде бир жолу өтүп коюусу абдан маанилүү.
“Спидден Күчтүрөөк” (Greater Than AIDS) тарабынан даярдалган бир мүнөттүк видеону көрүүңүздү сунуштайбыз. (Англис тилиндеги маалыматка шилтеме)