Truvada алгач ВИЧке чалдыккан адамдардын ооруга каршы күрөшүүсү үчүн иштелип чыккан, ал эми азыр болсо ВИЧ менен оорубаган адамдар дагы жугузуп алууга каршы профилактикалык чара катары пайдаланса болот. АКШнын Азык-Түлүк жана Дары-Дармек башкармалыгы Перу, Франция, Түштүк Африка Республикасы, Кения, Израиль жана Канада сыяктуу эле, Truvada дарысын PrEP катары бекиткен.
PrEP Таиланд жана Бразилия сыяктуу башка өлкөлөрдө да клиникалык сыноолордон кийин айрым адамдарга берилет. Кашка көптөгөн өлкөлөрдө активисттер PrEP тин колдонууга киргизилүүсүн талап кылууда, бирок азырынча алардын максаттары ишке аша элек.
Айрым өлкөлөр боюнча көбүрөөк билгиңиз келсе PrEP Watch шилтемеси аркылуу окусаңыз болот.
Эгер сиз АКШда болсоңуз, бул жерден PrEP Locator боюнча маалымат караңыз.
Эгерде Улуу Британияда болсоңуз, бул жерден PrEP жөнүндө көбүрөөк билсеңиз болот.